Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекешев: беш күндүк тартипке өтүүдө мугалимдердин маянасы кыскарбайт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мугалимдер эл өкүлдөрү сыяктуу эле беш күн иштеши керектигин айтты
Бекешев: беш күндүк тартипке өтүүдө мугалимдердин маянасы кыскарбайт

Беш күндүк тартипке өтүү менен мугалимдердин маянасы кыскарбайт. Бул тууралуу Дастан Бекешев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, аталган норманы камтыган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"2018-2019-окуу жылынан тарта республикадагы бардык мектептер беш күндүк тартипке өтөт. Буга чейин мектептердин 80 пайызы өткөн эле. Бул бардык өлкөлөрдөгү практика. Эмне үчүн депутаттар беш күн, мугалимдер алты күн иштеши керек?" — деди Бекешев.

Ал беш күндүк тартипке өтүү менен окуучулар дагы жакшы окуп калат деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0