Кыдыралиева: энергияны үнөмдөө менен жаратылышка жардам беребиз
Энергияны үнөмдөө менен жаратылышка жардам беребиз. Бул тууралуу Назгүл Кыдыралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда күндөн энергия алууга жакшы шарттар бар.
"Негизи эле кыргызстандыктар энергияны үнөмдүү пайдаланбайбыз. Жарыкты күйгүзүп коюп жүрө бергенге көнүп калганбыз. Анан анын чыгашасы бир топ болуп кетет. Энергия табияттан алынат. Аны үнөмдөө менен жаратылышка жардам беребиз", — деди Кыдыралиева.
Ал энергияны үнөмдүү пайдалануу чөнтөккө пайда алып келерин кошумчалады.