Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбек уулу: үч жаңы конуштун жолуна шагыл төшөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник МТУ №20 Бишкека Нурбек Сагынбек уулу
Начальник МТУ №20 Бишкека Нурбек Сагынбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги 20-муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Нурбек Сагынбек уулу жолдорду оңдоо иштери кийинки жылы да улантыларын айтты
Сагынбек уулу: үч жаңы конуштун жолуна шагыл төшөлдү

"Кызыл куруучу", Кайыңды", "Ак тилек" жаңы конуштарынын жолуна шагыл төшөлдү. Бул тууралуу Нурбек Сагынбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жумуштар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган.

"Быйыл жемиштүү жылдардан болду десек болот. Шаарыбызда бир топ көчөлөр оңдолду. Алардын арасында 20-муниципалдык аймактык башкармалыгын аймагында 14 көчө жасалды. Мындан сырткары, "Кызыл куруучу", Кайыңды" жана "Ак тилек" жаңы конуштарынын жолуна шагыл төшөө жумуштары аткарылды", — деди Сагынбек уулу.

Ал жолдорду оңдоо иштери кийинки жылы да улантыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0