Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтыбаева: 26 жылда өзүбүз акча чыгара турган фабрика курсак болмок

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат VI созыва ЖК Айнуру Алтыбаева
Депутат VI созыва ЖК Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Улуттук банкта аткарыла турган иштер али көп экендигин айтты
Алтыбаева: 26 жылда өзүбүз акча чыгара турган фабрика курсак болмок

26 жылда өзүбүз акча чыгара турган фабрика курсак болмок. Мындай оюн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин кароо мезгилинде КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен жылына 125 миллион сом банкнотту бастырууга кетет.

"Толкунбек Сагынбекович, сомдун нарыкынын кармалып турушуна сиздин эмгегиңиз бар деп эсептейм. Ошентсе да Улуттук банкта аткарыла турган иштер али көп. Алардын бири сомду өзүбүздөн чыгаруу. Биз акча бастырып чыгаруу үчүн жылына 125 миллион сом бюджеттен төлөп жатабыз. Бул каражатка 26 жылда акча чыгарган фабриканы өзүбүз куруп алсак болмок", — деди Айнуру Алтыбаева.

Ал ошондой эле акча алмаштыруу жайлары боюнча да көптөгөн көйгөйлөр бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0