Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: Абдыгуловго Улуттук банкты 49 жылга ижарага берелиби

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Толкунбек Абдыгуловдун архривдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Толкунбек Абдыгуловдун архривдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Толкунбек Абдыгулов бийликтин эрке баласы экенин айтты.
Момбеков: Абдыгуловго Улуттук банкты 49 жылга ижарага берелиби

Толкунбек Абдыгуловго Улуттук банкты 49 жылга ижарага берелиби? Бул тууралуу Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду Улуттук банктын төрагалыгына жактырды.

"Бийликтин эрке баласы болдуңуз да. Сиз вице-премьер катары бир ишиңиз менен көрүнө алган жоксуз. Болгону баңги затка байланыштуу анекдот аралашкан сөзүңүз менен гана эсте калдыңыз. Эми кайрадан Улуттук банкка бара жатасыз. Улуттук банкты сизге 49 жылга ижарага берелиби? Көпөлөккө окшоп учуп-конуп эле жүрөсүз", — деди Момбеков.

Ал ошондой эле өкмөт кадрдык саясатын чабал жүргүзүп жатат деген оюн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0