Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыгулов: биз доллар менен эмес, сом менен иш жүгүртүшүбүз керек

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү
Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрадан Улуттук банкты жетектөөгө сунушталып, парламент тарабынан колдоо тапкан Толкунбек Абдыгулов жарандардын улуттук валютага болгон ишенимин арттыруу керектигин айтты
Абдыгулов: биз доллар менен эмес, сом менен иш жүгүртүшүбүз керек

Биз доллар менен эмес, сом менен иш жүгүртүшүбүз керек. Бул туралуу Толкунбек Абдыгулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду Улуттук банктын төрагалыгына жактырды.

"Буга чейин дедолларизация программасын ишке ашырган элек. Ошол нерсени улантышыбыз керек. Бул аракеттердин арты менен доллар менен берилген насыя, депозиттер түшө баштады. Биз акырындан сом менен ойлонгонду үйрөнүшүбүз керек", — деди Абдыгулов.

Ал жарандардын улуттук валютага болгон ишенимин арттыруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0