Жылкыбаев: бизде өндүрүлгөн продукцияларда айып жок, санын көбөйтүү керек
Бизде өндүрүлгөн продукцияларда айып жок, сапатын көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарында VI кыргыз-орус регионалдык конференциясы өтүп, аталган иш-чарада Узарбек Жылкыбаев Россия тараптан келген ишкерлерге туризм жаатында кенен маалымат берген.
"Ысык-Көлдө өстүрүлгөн алма, өрүк сыяктуу продукциялардын сапатында эч кандай айып жок. Экологиялык жактан таза. Бирок анын көлөмү маселе жаратууда. Анткени чоң соода түйүндөрү жыл бою продукцияларды сатыкка койгондуктан дайым даяр турушу керек экен. Биз эми ошого аракет кылабыз", — деди Жылкыбаев.
Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ушул жаатта насыя берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.