Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: кышкы туризмге даярбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун архивдик сүрөтү
Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов соңку жылдары Кыргызстанда freeriding спортуна кызыгуулар күчөп жатканын айтты.
Жаманкулов: кышкы туризмге даярбыз

Кышкы туризмге даярбыз. Бул багытта өкмөт тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, иш планы кабыл алынганын Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мурда иштетилип келаткан бардык эле тоо-лыжа борборлору кардарларды кабыл алууга даяр.

"Бул багытта өкмөт тарабынан план кабыл алынган. Ал боюнча тоо-лыжа базалары, аларга барчу жолдор, аэропорттор кароодон өткөрүлгөн. Мындан сырткары, соңку жылдары Кыргызстанга келип freeriding менен машыгууну самагандар көбөйүүдө. Бул спорт түрү менен машыккан спортчулар көбүнчө Жыргалаңга, Төө-Ашууга, Каракол лыжа базасына келүүдө", — деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда туристтерди кабыл алган ондон ашуун лыжа базалары бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0