Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жылкыбаев: тоо лыжа бизнесин иштеткен россиялык ишкерлерди Ысык-Көлгө чакырдык

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК VI созыва от фракции СДПК Узарбек Жылкыбаев
Депутат ЖК VI созыва от фракции СДПК Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев россиялык ишкерлер келсе туризмдеги мүмкүнчүлүктөр кеңейерин айтты
Жылкыбаев: тоо лыжа бизнесин иштеткен россиялык ишкерлерди Ысык-Көлгө чакырдык

Тоо лыжа бизнесин иштеткен россиялык ишкерлерди Ысык-Көлгө чакырдык. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында VI кыргыз-орус регионалдык конференциясы өтүп жатат. Аталган иш-чарада Узарбек Жылкыбаев Россия тараптан келген ишкерлерге туризм жаатында кенен маалымат берген.

"Чынын айтканда VI кыргыз-орус регионалдык конференциясынан көп нерселерди үмүт этип жатабыз. Иш-чарага келгендерден россиялык тоо лыжа бизнесин иштететип жаткан ишкерлерди Кыргызстанга чакырып бергиле деп сурандык. Алар бул суранычты аткарабыз дешти. Барып биздин мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришет. Мындан сырткары, башка тармактар боюнча да ишкерлерди тартуу аракетин көрүп жатабыз", — деди Жылкыбаев.

Ал россиялык ишкерлер келсе туризмдеги мүмкүнчүлүктөр кеңейерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0