Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: маданиятка манкурттай мамиле жасап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков бийлик акын-жазуучуларга тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай жатканын айтты
Момбеков: маданиятка манкурттай мамиле жасап жатабыз

Маданиятка манкурттай мамиле жасап жатабыз. Мындай оюн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын пикиринде, жазуучулар да башка кесип ээлериндей эле жылуу мамилеге муктаж.

"Кыргыздын түбүнө жете турган кымбатчылык эмес, кыргызчылык. Каатчылык эмес, кайдыгерлик десе ишенчү эмес элем. Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болду. Алыкул Осмоновдун өлгөн күнү өттү. Парламенттин бекитип берген Жазуучулар союзунун кесиптик майрамы болду. Бийликтин өкүлдөрүнөн эч ким Ата-Бейитке, түштөн кийин филармонияда өткөн жазуучулардын салтанаттуу жыйынына барган жок. Эгер мамлекеттин маданиятка болгон мамилеси ушундай болсо, бул манкурттук мамиле. Өкмөт Дөнөнбай болбош керек! Маданият Найман эне болбош керек!" — деди Момбеков.

Ал Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине кыргыз бийлиги башка мамлекеттер сыяктуу да көңүл бурбай жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0