19:01 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816

Шамкеев: мамлекеттик ипотека алчулардын кирешеси 25 миң сомдон кем болбошу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
45530

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев ипотека ала турган жаран насыяны 65 жашка чыкканча төлөп бүтө ала турган куракта болуусу шарт экендигин айтты

Шамкеев: мамлекеттик ипотека алчулардын кирешеси 25 миң сомдон кем болбошу керек

Ипотека алууну каалагандардын үй-бүлөлүк кирешеси 25 миң сомдон кем болбошу керек. Бул тууралуу Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыя ала турган жаран бюджеттик мекеменин кызматкери болушу керек.

"Насыя алган адамдын жашы 21 жаштан өйдө жана кредитти 65ке чыкканга чейин төлөп бүтө ала турган куракта болуусу шарт. Ошондой эле өзүнүн же үй-бүлөсүнүн кирешеси айына 25 миң сомдон төмөн болбоосу керек. Анткени айлык маянасынын тең жарымы ипотеканы төлөөгө кетсе, калганын турмуш-тирчилигине жумшайт", — деди Шамкеев.

Ал ипотекага алынып жаткан көп кабаттуу үйдүн аянты 80 чарчы метрден, жер үй болсо 150 чарчы метрден ашпашы керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

МИК ипотекалык насыя берүүгө арыздарды кабыл алуусун улантып жатат
Белгилер:
турак үй, ипотекалык насыя

ЭҢ МААНИЛҮҮ