Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскулова: Бишкекке план боюнча 18 мектеп салынышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова маек учурунда
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова аталган мектептер төрт жыл ичинде салынышы керектигин айтты
Рыскулова: Бишкекке план боюнча 18 мектеп салынышы керек

Бишкекке план боюнча 18 мектеп салынышы керек. Бул тууралуу Айгүл Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калаадагы жашоочулардын көбөйүшү менен мектептерде орун жетишсиз болуп калган.

"25-жыл аралыгында Бишкекте жашагандардын саны көбөйүп бара жатат. Шаар чекесинде 49 жаңы конуш пайда болду. Алардын баарына мектеп салганга мүмкүнчүлүк жок. План боюнча жакынкы төрт жыл ичинде 18 мектеп салыныш керек. Ошондо гана кыйналып турган кырдаалдан чыга алабыз", — деди Рыскулова.

Ал ошондой эле жыл сайын төрттөн мектеп салынып турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0