Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымалиева: 2018-жылды "үй-бүлө, балдардын укуктарын коргоо жылы" деп жарыялоо керек

© Фото / Алишер АлиевКСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева аталган билдирүүнү президентке жолдоду
Касымалиева: 2018-жылды "үй-бүлө, балдардын укуктарын коргоо жылы" деп жарыялоо керек

2018-жылды үй-бүлө, балдардын укуктарын коргоо жылы деп жарыялоо керектигин депутат Аида Касымалиева парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, демилге ишке ашса маселе толук көзөмөлгө алынат. 

"2012-жыл үй-бүлө жылы деп жарыяланган. Бирок учурда сексуалдык зомбулук көп кездешип жатат. Жаман иштердин 95 пайызы туугандары тарабынан жасалат экен. Ошондуктан 2018-жылды "Үй-бүлө, балдардын укуктарын коргоо" жылы деп жарыялоо керек. Бул маселени толук көзөмөлдөөгө өбөлгө болот. Жагдайды иликтеп, бөгөт коелу", — деди депутат.

Ал балдардын зомбулугу боюнча өкмөттүк саат өткөрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0