Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мавлянова: баласын тепкен атаны башка берене менен жазалоо керек

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова балдардын укугу мыйзамда жакшы корголгону менен иш жүзүндө башкача болуп жатканын айтты
Мавлянова: баласын тепкен атаны башка берене менен жазалоо керек

Баласын тепкен атаны катуу жазалоо керек. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

"Баласын тепкен атанын видеосу интернетке чыкты. Кишинин өздүгү аныкталып, 2 ай камакка алынды. Андан соң ал кишинин Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт тургандыгы айтылды. Ал адамга бейбаштык беренеси менен иш козгоо жетишсиз. Баласын биринчи жолу тээп жатпаса керек. Ошондуктан Кылмыш жаза кодексинин 111-беренеси (кыйноо) боюнча иш козгоп, бул адамды катуу жазалоо керек", — деди Мавлянова. 

Ал балдардын, аялдардын укугу мыйзамды жакшы корголгону менен иш жүзүндө башкача болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0