00:45 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Биринчи вице-премьер болуп шайланган Аскарбек Шадиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Шадиев: депутаттар менен байланышты үзбөй, жолугуп турам

Радио
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Биринчи вице-премьер болуп шайланган эл өкүлү кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Депутаттар менен байланышты үзбөй тургандыгын Аскар Шадиев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскар Шадиевди эл өкүлдөрү биринчи вице-премьерликке жактырды.

"Бүт тажрыйбамды, билимимди жумшап ишеничти актаганга аракет кылам. Депутаттар менен да байланышты үзбөй, жолугуп турабыз. Бүгүнкү күндө бардык иш депутаттар менен биргеликте жасалат. Сиздерге чоң рахматымды айтам", — деди Шадиев.

Буга чейин Шадиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап жактырган болчу. 

Тема боюнча

Керезбеков: Аскар Шадиев депутат катары добуш берүү укугуна ээ
Аскар Шадиевди Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьерликке жактырды
Белгилер:
вице-премьер-министр, Аскар Шадиев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ