10:01 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбековдун архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба "КГЮА"

Керезбеков: Аскар Шадиев депутат катары добуш берүү укугуна ээ

Радио
Кыскача шилтеме алуу
52 0 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков биринчи вице мандатын дагы сактап каларын айтты

Биринчи вице-премьер Аскар Шадиев депутат катары добуш берүү укугуна ээ. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскар Шадиевди эл өкүлдөрү биринчи вице-премьерликке жактырды.

"Жаңы Конституцияга ылайык, биринчи вице-премьер болуп шайланган депутат мандаттан ажырабайт. Мындан сырткары, парламенттин пленардык жыйындарында добуш берүү укугу сакталат", — деди Керезбеков.

Буга чейин Шадиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап жактырган болчу.

Тема боюнча

Аскар Шадиевди Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьерликке жактырды
ЖК комитети биринчи вице-премьерликке Шадиевдин талапкерлигин жактырды
Белгилер:
Канат Керезбеков, Аскар Шадиев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ