Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: Аскар Шадиев убагында Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштешкен

Жазылуу
Өкмөт башчы Сапар Исаков вице-премьер болуп шайланган Аскарбек Шадиев өз ишин мыкты билген адис экендигин айтты
Исаков: Аскар Шадиев убагында Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштешкен

Аскарбек Шадиев убагында Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштешкен. Бул тууралуу Сапар Исаков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскар Шадиевди эл өкүлдөрү биринчи вице-премьерликке жактырды.

"Аскар Алимбаевичти көп жылдан бери тааныйм. Мен бул кишини өз ишин мыкты билген профессионал деп айта алам. Адамгерчилик сапаты да бийик. Аскар Алимбаевич убагында экс-президент Алмазбек Шаршенович менен чогуу иштеп, бир топ долбоорлорду ишке ашырууга жардам берген", — деди Исаков.

Буга чейин Шадиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап жактырган болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0