Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самудинов: энергияны үнөмдүү пайдалануу менен чыгымдар эки эсе азайды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧастный предприниматель Сыргак Самудинов
Частный предприниматель Сыргак Самудинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке ишкер Сыргак Самудинов энергияны үнөмдүү пайдалануу үчүн KyrSEFF программасынын адистерине кайрылган
Самудинов: энергияны үнөмдүү пайдалануу менен чыгымдар эки эсе азайды

Энергияны үнөмдүү пайдалануу менен чыгымдар эки эсе азайгандыгын жеке ишкер Сыргак Самудинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкер дүкөнүн жылытуу үчүн адистерден жардам сураган.

"Биз дүкөнүбүздү чоңойтолу деп пландаганбыз. Анан кантип жылытабыз деген суроо жаралды. Ошондо энергияны үнөмдөө боюнча иликтеп көрүп, KyrSEFF программасынын адистерине кайрылдык. Алар бизге энергияны үнөмдөп, жылуулукту сактоо боюнча айтып беришти. Ошентип терезелерди алмаштырдык, энергияны аз корото турган лампаларды, муздаткычтарды койдук", — деди Самудинов.

Ал аталган аракеттерден кийин жылуулук үчүн коротулган чыгымдар эки эсеге азайгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0