Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назарбаев: эки элдин ортосундагы достук карым-катнашты калыбына келтиребиз

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чек арага Казакстан жана Кыргызстан тарабынан көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынганын айтты
Назарбаев: эки элдин ортосундагы достук карым-катнашты калыбына келтиребиз

Эки элдин ортосундагы достук карым-катнашты калыбына келтиребиз. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев Минск шаарында Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйынына катышып келди.

Эки мамлекеттин президенттери жолуккандан кийин журналисттер үчүн билдирүү жасашты.

"Алыс жерде ушундай болуп кездешип калдык. Эки элдин ортосундагы туугандык, достук карым-катнашты калыбына келтиребиз. Эки мамлекеттин өкмөтү түзгөн "жол картасы" бар. Эми атайын жумушчу топтун мүчөлөрү жолугуп ага кол коюшат. "Кордай" көзөмөл өткөрүү пунктун убактылуу ачуу жана Казакстан тараптан да, Кырызстан тараптан дагы көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБден үч киши жүктөрдү карап өткөрүп турат", — деди Назарбаев.

Ал ошондой эле Жээнбековду Казакстанга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0