Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бегалиев: саясатты тандадым, парламентке барайын деген оюм бар

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруу кызматынан өз каалоосу менен кеткен Канат Бегалиев
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруу кызматынан өз каалоосу менен кеткен Канат Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр улук машыктыруучунун милдетин Азат Эркинбаев убактылуу аткарып жатат
Бегалиев: саясатты тандадым, парламентке барайын деген оюм бар

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруу кызматынан өз каалоосу менен кеткен Канат Бегалиев саясатка барарын маалымат жыйын учурда билдирди.

Ал эмне себептен кызматынан кеткендиги тууралуу түшүндүрмө берди.

"Бардыгына эле менин эмне себептен иштен кеткендигим кызык болуп жатса керек. Мен өз каалоом менен кетип жатам. Келечекте илимимди, билимимди өстүрүп, спорттун көйгөйлөрүн чечүү үчүн парламентке барайын деген оюм бар. Көбүнө бул тууралуу айтсаң, "спортчулар Ак үйгө барганда эмнени чечет" деген суроону беришет. Алыс кетпей, мисалга казакстандык Серик Конокбаевди, Бахтияр Артаевди, россиялык Алина Кабаеваны, украиналык Виталий Кличкону алсак болот. Алар саясатта жүрүп спорттогу көйгөйлөргө көңүл бургандыгы үчүн Олимпиадада жетишкендиктер болуп жатат," — деди Бегалиев.

Ал азырынча кайсы бир саясий партияны колдой электигин кошумчалады.

Бегалиевге маалымат жыйындан соң "Спорттун мыкты кызматкери" наамы тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0