Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Аксынын айрым айылдарында балдар түнкүсүн китеп окуй албай кыйналууда

© Фото / предоставлено Алмазом ЭргешовымДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешовдун айтымында, электр энергиясынын кубаты жетишсиз болуп жатат
Эргешов: Аксынын айрым айылдарында балдар түнкүсүн китеп окуй албай кыйналууда

Аксынын айрым айылдарында балдар түнкүсүн китеп окуй албай кыйналууда. Бул тууралуу депутат Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, электр мамычаларынын абалы начар.

"Аксынын айрым айылдарында электр энергиясынын кубаты аз болуп, жарандар сыналгы көрө албай жатышат. Дейрес, Коргон, Товарсай, Кызыл-Капчыгай, Чалдывар, Кызыл-Көл, Тегене айылдарында свет чырактай эле күйөт. Китеп окуганга да болбойт. Анткени трансформаторлор жетишсиз жана электр мамычаларынын абалы начар", — деди Эргешов.

Ал өкмөт аталган маселе боюнча жардам берсе жакшы болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0