Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымалиева: эки аял маселеси боюнча муфтият расмий билдирүү жасашы керек

© Sputnik / Данияр СандыбаевКСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиеванын айтымында, көпчүлүккө муфтияттын позициясы кызык болууда.
Касымалиева: эки аял маселеси боюнча муфтият расмий билдирүү жасашы керек

Эки аял алуу боюнча муфтият расмий билдирүү жасашы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столдо билдирди.

Белгилей кетсек, дин аалымы Чубак ажы экинчи аял алганын билдирип, бул кадамы менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан болчу. Аалымдын бул кадамы социалдык тармакта кызуу талаш-тартышка жем таштаган эле.

"Баары экинчи аялдыкка жаштарды алат. Улуу аялдарды алганын көргөн эмесмин. Чубак ажы деле анда 50 жаштагы аялды албайт беле. Экинчи аялдыкка алууга уруксат берүү менен сойкулукка каршы турабыз деп жатышат. Бирок ажырашканда ал аялдар көчөдө калып жатпайбы?" — деп эл өкүлү суроо салды.

Касымалиева бул окуя боюнча муфтият дагы расмий билдирүү жибериши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0