Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Курманбеков: аймактардан келген жакыр үй-бүлөлөр каттоодон өтсө бекер көмүр алышмак

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков
Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбековдун айтымында, көпчүлүк жарандар каттоого турушпайт.
Курманбеков: аймактардан келген жакыр үй-бүлөлөр каттоодон өтсө бекер көмүр алышмак

Аймактардан келген жакыр үй-бүлөлөр каттоодон өтсө акысыз көмүр алышмак. Бул тууралуу Нурбек Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында каттоосу бар жарандар гана социалдык жардамдарды ала алышат.

"Чынында ички миграция маселеси бизде абдан оор. Көпчүлүк жарандарыбыздын каттоолору аймактарда. Мыйзамга ылайык, каттоосу жок жарандарга социалдык колдоо көрсөтө албайбыз. Эгерде ошолор тартипке ылайык тизмеге киришсе акысыз отун, көмүр алып калышмак", — деди Курманбеков.

Ал алыскы дубандан келгендер каттоого анчейин көңүл бурбай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0