Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талгатбек уулу: ак илбирсти сактоо үчүн тоютуна тийбөө керек

© Sputnik / Максат ЭлебесовСотрудник NABU Амантур Талгатбек уулу
Сотрудник NABU Амантур Талгатбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
NABU эл аралык уюмунун браконьерликке каршы "Барс" тобунун мүчөсү Амантур Талгатбек уулу ак илбирс 2-3 жылда гана төлдөй тургандыгын айтты.
Талгатбек уулу: ак илбирсти сактоо үчүн тоютуна тийбөө керек

Ак илбирсти сактоо үчүн тоютуна тийбөө керек. Бул тууралуу Амантур Талгатбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ак илбирс тоюттун жоктугунан кошуна өлкөлөргө өтүп кетет.

"Биздин уюм ак илбирсти сактоо максатында түзүлгөн. Ошондон бери аталган жаныбарды коргоо менен алектенебиз. Бүгүнкү күндө 300-350 илбирс калды. Негизи ак илбирсти көбөйтүү үчүн анын тоютун коргош керек. Ошондуктан тоо текелерин сактоо максатын дагы көздөйбүз", — деди Талгатбек уулу.

Ал ак илбирс 2-3 жылда гана төлдөй тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0