Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исакова: бардык адам диктор боло албайт

Жазылуу
Диктор болуу үчүн өң-келбет, дикция маанилүү экенин Исакова айтып берди.
Исакова: бардык адам диктор боло албайт

Диктор болуу оңой эмес, бул кесиптин да кыйынчылыктары көп. Бул тууралуу ЭлТР телеканалынын Жаңылыктар бөлүмүнүн диктору Аина Исакова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, диктор кабарчынын бир күн кечке тартып келген сюжетин элге так, туура, кызыктуу кылып жеткириш керек.

"Ачыгын айтканда бул оңой эмес, чоң жоопкерчиликтүү иш. Кабарчылардын мээнетин текке кетирбеш керек. Камера алдында толкундабай, такалбай текстти окуш деле оңой эмес. Түз эфир учурунда кокус техника бузулуп же текст окуган суфлер бузулуп калса кырдаалдан чыгып кетүү зарыл. Ушул кесипти оңой, жасанып келип текстти окуп коет дегендердин өзүн "анда сиз эфирге чыгып көрүңүз" деп чакырар, — деди Исакова.

Ал ошондой эле диктор болуу үчүн өң-келбет, дикция да маанилүү экенин баса белгиледи.

Диктор Аина Исакова менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0