Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дайырбекова: "Карек" кинофестивалы эмдиги жылы да өткөрүлөт

© Sputnik / Жасмин МалашеваРуководитель фонда детского кино Толкун Дайырбекова
Руководитель фонда детского кино Толкун Дайырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль быйыл 14-ноябрда экинчи ирет уюштурулду
Дайырбекова: "Карек" кинофестивалы эмдиги жылы да өткөрүлөт

Жылдан-жылга кино тартууда балдардын тажрыйбасы өсүүдө. Мындан улам "Карек" кинофестивалын кийинки жылы уюштурабыз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Карек" балдар кинофондусунун жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.

Анын айтымында, балдар кино тартуу менен убактысын пайдалуу нерсеге жумшап, натыйжа да чыгара алышат.

"Эки жылда бизге 163 тасма келип түштү. Ар бир тасманын үстүнөн жок дегенде беш баладан турган топ иштеди. 163 баланы бешке көбөйтсөң аз дегенде 600 бала бир тасманын үстүнөн ойлонуп, тартып, монтаждап чоң эмгек жасайт. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Былтыр балдар көбүнчө миграция маселесине токтолсо, быйыл алгачкы сүйүүлөрүн, балдардын жашоосун көп чагылдырышыптыр. Тасмаларынын сапаты, тартуу жагынан да бир топ такшалышкан. Кинофестиваль буюрса кийинки жылы да уланат", — деди Дайырбекова.

"Карек" кинофестивалы быйыл экинчи жолу өткөрүлдү. Ага 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар-кыздар катышып, 10 мүнөткө чейин ар кандай темадагы тасмаларын тартуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0