Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кожогелдиева: "Улуттук кыздар" федерациясы Лондондо мыкты аталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Улуттук кыздар" федерациясынын президенти Алтынгүл Кожогелдиева
Улуттук кыздар федерациясынын президенти Алтынгүл Кожогелдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган федерациянын президенти сынакка 200гө чукул мамлекет катышканын айтты
Кожогелдиева: "Улуттук кыздар" федерациясы Лондондо мыкты аталды

"Улуттук кыздар" федерациясы Лондондо мыкты аталды. Бул тууралуу Алтынгүл Кожогелдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучулар уюмдардын ишмердүүлүгүн дээрлик бир жыл сыноодон өткөргөн.

"Star Girls деген эл аралык уюм уюштурган сынакта биздин федерация мыкты деп табылды. Аталган жарышка 200гө чукул мамлекет катышып, 20 өлкө тандалып алынган экен. Орто Азиядан биз жалгыз болдук. Сыйлоо аземи Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында өттү", — деди Кожогелдиева.

Ал сынакка кыздар укугун коргоо жатында эмгектенген уюмдар катышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0