15:23 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айкөл Турганбаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Турганбаева: жөлөк пул алуу үчүн үч гана документ жетиштүү болот

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Жөлөк пул (30)
95920

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айкөл Турганбаева жаңы өзгөртүүлөр 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирээрин айтты.

Жөлөк пул алуу үчүн үч гана документ жетиштүү болот. Бул тууралуу Айкөл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон.

"Жаңы мыйзамга ылайык, жөлөк пул алуу үчүн тапшырылчу документтердин саны кыскартылган. Арыз берген адамдын паспортунун көчүрмөсү, жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалым кат жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Болгону үч документ тапшырылат. Керек болгон учурда кошумча документтер чогултулат", — деди Турганбаева.

Ал аталган документтерди райондук же шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына тапшырса болоорун кошумчалады.

Тема:
Жөлөк пул (30)

Тема боюнча

Турганбаева: сүйүнчү жана жөлөк пул үчүн жыл сайын 8 млрд. сом керектелет
Белгилер:
документ, жөлөк пул

ЭҢ МААНИЛҮҮ