Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кочкоров: Бабановду камагандан революция чыгып кетет деп ойлобойм

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров
Экс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында, Өмүрбек Бабанов убакыт өткөрүп туруп кырдаалдан чыгат.
Кочкоров: Бабановду камагандан революция чыгып кетет деп ойлобойм

Өмүрбек Бабановду камагандан революция чыгып кетет деген туура эмес. Бул тууралуу экс-депутат Улукбек Кочкоров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл азыр кайсы бир саясатчы үчүн көчөгө чыкпайт.

"Бабановду камагандан революция чыгып кетет деп ойлобойм. Ал бизнесмен да. Бизнесмендер ийкем болушат. Ар кандай жагдайдан өз позициясына ыңгайлуу пайдаларды таап кете турган адамдар. Бүгүн болбосо кийинчерээк убакыт өткөрүп туруп кырдаалдан чыгат. Булар сүйлөшүү жолдору менен гана маселени чечүү аракетинде болот", — деди Кочкоров.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы маалымат жыйында Өмүрбек Бабанов боюнча чечимди сот чыгараарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0