Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакчиев: сэндвич жасап баштаган элек, эми колбаса чыгарган завод курдук

Жазылуу
Жеке ишкер Самат Бакчиевдин айтымында, аталган заводдон чыккан колбасалар жакынкы күндөрү кошуна өлкөлөргө экспорттолот.
Бакчиев: сэндвич жасап баштаган элек, эми колбаса чыгарган завод курдук

Сэндвич жасап баштаган элек, эми колбаса чыгарган завод курдук. Бул тууралуу ишкер Самат Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы заводдон жогорку сапаттагы колбасалар чыгарылат.

"Буга чейин сэндвич жасап иштечүбүз. Анан ошол сэндвичке колбаса сатып алыш керек эле. Ойлоп көрүп өзүбүз колбаса жасай турган болдук. Анткени пайда көбөйөт экен. Алгач өзүбүзгө колдонуп, кийинчерээк сатыкка чыгара баштадык. Сапаты жакшы болгондуктан кардарлар көбөйүп, колбаса чыгарган завод ачтык", — деди Бакчиев.

Ал аталган заводдон чыккан колбасалар кошуна өлкөлөргө экспорттолорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0