Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тентимишов: жасаган эмгек тарыхта калыш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү актер Болот Тентимишов маек учурунда
Белгилүү актер Болот Тентимишов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер Болот Тентимишов өмүрүнүн 25 жылын театр чөйрөсүнө арнап, бул тармакта 100гө чукул түрдүү ролдорду жараткан
Тентимишов: жасаган эмгек тарыхта калыш керек

Маданият жаатында жасаган эмгек тарыхта калыш керек. Бул тууралуу актер Болот Тентимишов Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, театр тармагында жүргөн актерлор көбүнчө көмүскөдө калып кетет.

"Убакыт өткөн сайын театрда аткарган ролдор эч кимдин эсинде калбай калат экен. Ушул учурга чейин театрда 100дөй образ жараттым, бирок ал кимдин эсинде калды? Манкурттун, Орозкулдун, Каранын ролу же дүйнөлүк чыгармалардагы Отелло, ошол эле Дон Жуан, Дон Гуан деген чоң эмгек менен жаралган образдарчы? Булар ошол кезде көргөн муун менен кете берет экен, ал эми тасма түбөлүккө, муундан муунга берилип мурас калгыдай. Ошондуктан мен бүгүнкү күндө тасмага басым жасап жатам. Анткени жасаган эмгек тарыхта калыш керек", — деди актер.

Ал ошондой эле учурда мамлекет маданият жаатына анын ичине театрга көп көңүл бурбай калганын айтып, маданиятты өнүктүрбөсө мамлекет өнүкпөй турганын баса белгиледи.

Болот Тентимишов менен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0