Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапаров: "Биринчи мугалим" караңгылыктан чыгууну көрсөткөн тасма

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Кыргызстане приступили к созданию х/ф "Шабдан баатыр"
В Кыргызстане приступили к созданию х/ф Шабдан баатыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссердун айтымында, "Биринчи мугалим" тасмасы убагында бааланбай калган
Абдыжапаров: "Биринчи мугалим" караңгылыктан чыгууну көрсөткөн тасма

"Ак-Мөөр" тасмасынын тартылышы кино дүйнөсүндө жаңылык болгон. Бул тууралуу режиссер Эрнест Абдыжапаров билдирди.

Анын айтымында, "Биринчи мугалим" караңгылыктан чыгууну мыкты көрсөткөн тасма.

"Кыргыздар тасмага адамдык баалуулуктар эмес, куру намыс менен баа беребиз. Өзүбүздүн намысыбызга тийген тасмаларды такыр жактырбайбыз. "Биринчи мугалим" ошондой тасмалардын бири. Азыр деле бул тасма кыргызды уят кылат деген пикир бар. "Биринчи мугалимде" феодализмден социализмге өтүп жатканда кандай курмандыктар, кыйынчылыктар болду эле деген маселе кинонун тили менен көркөмдүү түрдө көрсөтүлгөн. Азыркы учурда кыргызстандыктардын дүйнөнү дүңгүрөтүп жатканы арип таануудан, билим алуудан улам болуп жатат", — деди режиссер.

Кечээ, 17-ноябрда өлкөдө кыргыз киносунун күнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0