Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бокоев: мөңгү талкалагандар жоопкерчиликтен бошоп жатат, мандем ушул жерде

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев мыйзам жол бербесе да мөңгүлөр талкалангандыгын айтты
Бокоев: мөңгү талкалагандар жоопкерчиликтен бошоп жатат, мандем ушул жерде

Мөңгүлөрдү талкалагандар жоопкерчиликтен бошоп жатат, мандем ушул жерде. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үчүнчү окууда колдоп берди.

"Мен азыр дагы жакшылап карап чыктым. Бул өзгөртүүлөргө экинчи окууда дагы каршы добуш бергем. "Давыдов" менен "Лысый" мөңгүлөрүн бузуу бул азыркы иштеп жаткан Суу кодексине каршы келет. Бирок ага карабастан бул кадамга барышкан. Биз эртеңкиге гана уруксат бербестен, буга чейин талкалап келгендерден жоопкерчиликти алып салып жатабыз. Негизги мандем ушул жерде жатат", — деди Бокоев.

Ал эми эл өкүлү Айтмамат Назаров бул өзгөртүүлөр буга чейинки жасалган иштерге тиешеси жок экендигин айтып, мыйзам мындан кийин гана иштей тургандыгын билдирди.

Мөңгүнү казууга кайсы депутат кандай добуш бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигин макаласынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0