Садык Шер-Нияз: "Ак-Мөөр" — кино дүйнөсүнө жаңылык киргизген тасма
"Ак-Мөөр" тасмасынын тартылышы кино дүйнөсүндө жаңылык болгон. Бул тууралуу депутат Садык Шер-Нияз билдирди.
Анын айтымында, тасма режиссер Мелис Убукеевдин чеберчилигин туу чокуга чыгарган.
"Азыр даниялык режиссер Ларс Фон Триер тарткан "Догвилль" сыяктуу тасмаларды минимализм үлгүсүндө мыкты тартылган деп даңазалап жатпайбызбы. А чындап келгенде бул түр мурда эле болгон. Ошолордун бирине "Ак Мөөр" кирет. Режиссердун табылгалары аркылуу көрүүчүлөрдүн эсинде биротоло калган мыкты сценалары көп", — деди эл өкүлү.
Бүгүн, 17-ноябрда өлкөдө кыргыз киносунун күнү майрамдалат.