Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: дүйнөлүк экономикада өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек

Жазылуу
Премьер-министр Сапар Исаков Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында бардык тармак камтылганын айтты
Исаков: дүйнөлүк экономикада өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек

Дүйнөлүк экономикада өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек. Бул тууралуу Сапар Исаков Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Эске сала кетсек, 15-ноябрда Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2018-2040-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын колдоду. 

"Учурда дүйнө тездик менен өнүгүп жатат. Мына ушундай шартта бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып дүйнөлүк экономикада өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек. 2018-2040-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында бардык тармак камтылган", — деди Исаков.

Өкмөт башчы 2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жакшы иштегендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0