Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: эгемендүүлүк кереги жокторго учак берели, кетсин башка өлкөгө

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз эли эгемендүү болуу үчүн 1000 жыл күткөнүн айтты
Атамбаев: эгемендүүлүк кереги жокторго учак берели, кетсин башка өлкөгө

Эгемендүүлүк керек эместерге учак берели, кетсин башка өлкөгө. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды өнүктүрүү улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыздар эгемендүү болуу үчүн 1000 жыл күтүшкөн.

"Урматтуу кыргыз элим. Өзүбүздүн эгемендүү мамлекетибиз болот деп кыргыздар 1000 жылдан ашуун күткөн. Муну колдон алдырсак урпактарыбыз бизди эч качан кечирбейт. Эгемендүүлүк керек эмес дегендерге учак, автобуз, поезд берели, кетсин башка өлкөгө", — деди Атамбаев.

Ал эгемендик үчүн башы курман экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0