Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Теңизбаев: Ошто 10 ай ичинде жол кырсыгынан 1114 адам жаракат алган

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКайгуул милициясынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев
Кайгуул милициясынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев облус аймагында жыл башынан бери 635 жол кырсыгы катталганын айтты
Теңизбаев: Ошто 10 ай ичинде жол кырсыгынан 1114 адам жаракат алган

Ош облусунда акыркы он ай ичинде жол кырсыгынан 1114 адам жаракат алгандыгын облустук Кайгуул милициясынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында жыл башынан бери 635 жол кырсыгы катталган.

"Жыйынтыгында 116 адам каза болсо, 1114 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган. Айта келсек, ноябрь айынын биринен онуна чейин Ошто чуулгандуу жол кырсыктары көп катталды. Мындан улам облус аймагында "Үгүт жүрүш — 2017", "Көңүл бургула, балдар" аталышындагы рейддерди өткөрүп жатабыз", — деди Теңизбаев.

Аталган рейддер бүгүн, 15-ноябрь күнү, жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0