Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сырдыбаева: Памир кыргыздарын эмдөөдөн өткөрдүк, абалдары жакшы

© Фото / Нурзада МукашеваЗаведующий Нарынской районной семейной медицины Сыяпат Сырдыбаева
Заведующий Нарынской районной семейной медицины Сыяпат Сырдыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Сыяпат Сырдыбаеванын айтымында, кийинки эмдөө 30 күндөн кийин болот
Сырдыбаева: Памир кыргыздарын эмдөөдөн өткөрдүк, абалдары жакшы

Нарын облусуна көчүрүлүп келген Памир кыргыздары медициналык кароодон өтүп, абалдары жакшы. Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Сыяпат Сырдыбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, ар бир памирликке медициналык карта ачылды.

"Улуттук программанын негизинде эмдөө башталып, шал, кептөөр, кызылча ооруларына каршы эмделишти. Кийинки эмдөө 30 күндөн кийин болот", — деди дарыгер.

Буга чейин Кыргызстанга алып келинген Памир кыргыздарынын төртөөсүнөн жүрөк кемтиги табылгандыгы айтылган.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айылында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0