04:38 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Культур-Мультур долбоорунун катышуучусу, актер Болотбек Тилебалдиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Тилебалдиев: жарандарга жол эрежелерин пантомима менен эскертип турабыз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

"Культур-Мультур" долбоорунун катышуучусу, актер Болотбек Тилебалдиев бул аракеттердин арты менен жол кырсыгы азаярынан үмүт кыларын айтты.

Атайын актерлор жарандарга жол эрежелерин пантомиманын жардамы менен эскертип турат. Бул тууралуу "Культур-Мультур" долбоорунун катышуучусу Болотбек Тилебалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, борбор калаада жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөгөн "Культур-Мультур" долбоору ишке кирген. Ага ылайык, жол эрежелерин сактоого багытталган бир топ иш-аракеттер уюштурулат.

"Бишкекте жашап жаткандардын көпчүлүгү эле айылдан келгендер. Кай бирлери жол чырактагы кызыл түс менен жашыл түстүн айырмасын билбейт экен. Ошондон улам пантомиманын жардамы менен жол эрежелерин түшүндүрөлү деп чечтик. Катуу айтып, көңүлүн оорутпайбыз. Болгону жол эрежелерин сактоо керек экендигин көрсөтүп гана беребиз", — деди Тилебалдиев.

Ал аталган аракеттер эл көп жерлерде болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Саркулов: 10 айда 695 адам жол кырсыгынан каза болду
Белгилер:
пантомима, жол кырсык
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ