Касенов: Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылап баштады
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылап баштады. Бул тууралуу Аймен Касенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фонд буга чейин иштебеген, бизнес чөйрөсүнө жаңылык алып келген долбоорлорго көңүл бура баштады.
"Учурда долбоорлорду каржылоо башталды. Бул жаңы, иштеп кетишинде күмөнү жок долбоорлор. Аларга күрөөсү жетпесе да фонддон акча бере алабыз. Эң негизгиси бизнес долбоор жакшы болушу керек. Анан, албетте, насыя алып жаткан адамдын тажрыйбасы, иш билгилиги да эске алынат", — деди Касенов.
Ал фонддун адистери бизнес долбоорлорду иштеп чыгууга көмөктөшөрүн кошумчалады.