Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Таштакеев: ата-эне баланы мажбурлабай аны шыктандырышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСегиз баланын атасы Съездбек Таштакеев маек учурунда
Сегиз баланын атасы Съездбек Таштакеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегиз баланын атасы Съездбек Таштакеев баланы тарбиялоодо мажбурлоону эмес, шыктандырууну колдонсо жакшы жыйынтык бере тургандыгына токтолду.
Таштакеев: ата-эне баланы мажбурлабай аны шыктандырышы керек

Анын айтымында, мажбурлоонун аркасында убактылуу ийгилик болот, бирок келечекке балта чабылат.

"Баланы кичинекей кезинен спортко мажбурлап, аны кыйнап койсо көңүлү калып калат. Бардыгы оюн түрүндө болуп, аны кызыктыруу керек. Мисалы, беш жарым жаштагы кызым Айжан шахмат боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Биз аны күнүнө эки саат шахмат ойнотуп шыктандырып жетишкенбиз. Анда кызыбызга белгилүү бир көнүгүүнү берчүбүз, соңунда түрдүү белек тартуулап колдочубуз. Мажбурлоонун аркасында убактылуу ийгилик болушу мүмкүн, бирок келекчегин балта чабылат", — деди Таштакеев.

Ошондой эле ал ата-энелер балдар менен чогуу ойношу керек экендигин кошумчалайт.

Учурда Съездбек Таштакеев жубайы Гүлбарчын Калдыбаева менен төрт эркек жана төрт кызды тарбиялоодо. Көп балалуу үй-бүлөдөгүлөрдүн көпчүлүгү шахмат боюнча Азия менен Кыргызстандын көп жолку чемпиондору.

Съездбек Таштакеев менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0