Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: мөңгүлөрдү жеринен барып көрүп келүү керек

Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров парламент суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча демилгени ушул аптада карай тургандыгын айтты
Бакиров: мөңгүлөрдү жеринен барып көрүп келүү керек

Мөңгүлөрдү жеринен барып көрүп келүү керек. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, өкмөт суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Сунушка ылайык, кендин ишине тоскоолдук жараткан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө каршы иш аракеттерди жасоого уруксат берилет.

"Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча демилге Жогорку Кеңешке 2015-жылы келген. Ал мезгилде конкреттүү мөңгүнүн аты жазылган эмес. Ошондо катуу талкуу болуп, компромисстик вариант катары Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө токтолгонбуз. Учурда парламент үчүнчү окууда карап жатат. Мен жагдайды жеринен көрүп келүү үчүн атайын топ түзүүнү демилгеледим", — деди депутат.

Аталган маселе боюнча өткөн аптада нааразычылык акциясы уюштурулуп, активисттер демилгеге каршы чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0