Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кочкоров: мамлекеттик кызматкерлер колуна эмне тийсе ошону сатып жатат

Жазылуу
Экс-депутат учурда өлкөдө "жалпылап сат" деген идеология жүрүүдө дейт
Кочкоров: мамлекеттик кызматкерлер колуна эмне тийсе ошону сатып жатат

Мамлекеттик кызматкерлер колуна эмне тийсе ошону сатып жатат. Бул тууралуу экс-депутат Улукбек Кочкоров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айласы жок калган эл добушун сатууда.

"Тилекке каршы, учурда "сат", "жалпылап сат" деген гана идеология болуп жатат. Ыйык эч нерсе калбады. Жерибизди, мөңгүлөрүбүздү, лицензияларды саттык. Жада калса балдар үйүнөн бала саткан атка минерлерибиз аныкталды. Мамлекеттик кызматкердин колуна эмне тийсе ошону сатып жатат. Ушундан улам сата турган эч нерсеси жок эл добушун сатууда", — деди Кочкоров.

Мурунку депутат бул жолдун арты туңгуюкка алып барарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0