Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагыналиев: Соң-Көлдө жаңы атылган тоо текенин мүйүзү менен браконьер кармалды

© Фото / Нурзада МукашеваРейд по выявлению браконьерства в Нарыне
Рейд по выявлению браконьерства в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соң-Көлдөгү мыйзамсыз аңчылыкка каршы жүргүзүлгөн рейдде бир топ браконьерлер колго түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Нарын аймактар аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын башкы инспектору Баатырбек Сагыналиев билдирди.
Сагыналиев: Соң-Көлдө жаңы атылган тоо текенин мүйүзү менен браконьер кармалды

Анын айтымында, мыйзамсыз аңчылык кылгандар тоо текенин мүйүзү менен колго түштү.

"Соң-Көл аймагында рейд жүргүзүп мыйзамсыз аң уулагандар кармалды. Анда Каратал-Жапырык коругунда жаңы атылган тоо текенин мүйүзү, төрт суурдун, бир түлкүнүн териси, беш капкан, документи жок бир мылтык менен аңчылар колго түштү. Андан сырткары, Соң-Колдо 2800 метр балык кормоочу тор, 50 даана сига балыгы жана беш кайыктын мотору алынып актылар түзүлдү", — деди Сагыналиев.

Ал ошондой эле аталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп бериле тургандыгын кошумчалады.

Текшерүүгө облустук ички иштер башкармалыгынын, Германия жаратылышты коргоо уюмунун (NABU) жана Нарын аймактар аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлери катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0