Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: акыйкатчынын орун басары мигранттар менен иш алып барышы керек

© Фото / пресс-служба ЖК"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мигранттардын укугу корголбой жатканын айтты

Иманалиев: акыйкатчынын орун басары мигранттар менен иш алып барышы керек

Акыйкатчынын биринчи орун басары мигранттар менен иш алып барышы керек экендигин эл өкүлү Каныбек Иманалиев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, укуктары корголбогондуктан мигранттар көп жапа чегүүдө.

"Россиядагы эмгек мигранттарына жолугуп келдик. Ата-энеси Россияда жүргөн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө паспорт берилбейт экен. Алар өзүбүздүн жарандар да. Мындан сырткары, Россиядан мектепти аяктап, бирдиктүү экзамен тапшырган мигранттардын балдарын биздин ЖОЖдор кабыл албайт экен. Кыргыз тили же кыргыз тарыхы боюнча экзамен кылып койсун, тапшырып өтө беришет", — деди Иманалиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0