Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: беш күндө 30 киши жол кырсыгынан каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Кыргызстан "кырсыкстан" болуп калганын айтты
Момбеков: беш күндө 30 киши жол кырсыгынан каза болду

Беш күндө 30 киши жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер министрилиги жакшы иштебей жатат.

"Беш күндүн ичинде 30 киши каза болду. Эмне бизде каскадерлордун кастинги өтүп жатабы? Бир айда 200гө чукул адам өлүп жатат. Чара көрөбүз деген менен жыйынтык жок. Кайгуул милиция кылып өзгөрттүк эле, майнап чыкпады. Реформа иштеген жок. Ички иштер министрлигине ичим жылыбай жатат. Реформадан дайыны жок, бирок генерал наамдары берилип жатат", — деди Момбеков.

Эл өкүлү коопсуз шаар жоопсуз шаарга айлангандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0