Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамгырчиев: акындар өз доорунун үнү болушу керек

© Sputnik / Максат ЭлебесовБелгилүү акын Бердибек Жамгырчиев маек учурунда
Белгилүү акын Бердибек Жамгырчиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү акындын айтымында, жазат десе эле саясатты катырып, чоңдун этегин кармап кетүү туура эмес.
Жамгырчиев: акындар өз доорунун үнү болушу керек

Акындар өз доорунун үнү болушу керек экендигин акын Бердибек Жамгырчиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Акындын пикиринде, саясий куралга айлануу өлүм менен барабар.

"Акындар өз доорунун үнү болушу керек" деген жакшы сөз бар. Тилекке каршы, бизде акын десе эле махабат ырларын жазып, башка нерсе менен иши жок деген ой калыптанып калган. Андай эмес, биз деле карапайым адамбыз. Жазат десе эле саясатты катырып, чоңдун этегин кармап кетүү туура эмес. Мындай нерсе биз үчүн өлүм менен барабар. Акындардын милдети — акты актай, караны карадай чагылдыруу. Жеке өзүм чыгармачылыкта бардык жанрда жазам", — деди акын.

Бердибек Жамгырчиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0