Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баялиев: манасчылык өнөр табияттан берилген

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү манасчы Замирбек Баялиев маек учурунда
Белгилүү манасчы Замирбек Баялиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү манасчы Замирбек Баялиев тукумунда саяпкер, мүнүшкөр, санжырачы, ырчы, сөзгө чечен адамдар болгонун айтты
Баялиев: манасчылык өнөр табияттан берилген

Манасчылык өнөр ага табияттан берилгенин белгилүү манасчы Замирбек Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, манас айтуу эки жол менен өтөт.

"Чоң атам 90 жашында көзү өтүп кетти. Мен манасчылык жөнүндө ал кишиден сураганда бирин арбак даарып, табияттан берилсе, экинчиси тукум кууйт деген. Бизде манасчылар болбосо дагы саяпкер, мүнүшкөр, санжырачы, ырчы, сөзгө чечен адамдар бар эле. Мен табияттан алдым десем болот. Айылдык турмуштагы бардык нерсени башымдан кечирдим. Куш таптап куш салдым, ит агытып салбурунда жүрдүм, улакка түштүм. Ошонун бардыгы азыр Манас айтканыма жардам берет" — деди манасчы.

Замирбек Баялиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинен толук окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0