Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаяхметов: Тез жардам кызматкерлеринин бейтаптардан акча сурашы мыйзамсыз

© Sputnik / Данияр СандыбаевГлавный врач Бишкекской станции скорой медицинской помощи (ССМП) Искендер Шаяхметов
Главный врач Бишкекской станции скорой медицинской помощи (ССМП) Искендер Шаяхметов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам кызматынын башкы дарыгери Конституцияда жарандарга акысыз жардам көрсөтүү баса белгиленгендигин айты
Шаяхметов: Тез жардам кызматкерлеринин бейтаптардан акча сурашы мыйзамсыз

Тез жардам кызматкерлеринин бейтаптардан бензин менен дарыга акча сурашы мыйзамсыз. Бул тууралуу аталган кызматтын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда көбүнесе жаштар кызмат көрсөтөт.

"Бизде тез жардам кызматы акысыз. Бензин менен дары жетиштүү. Андыктан айрым учурда тез жардам кызматынын адистери бензин менен дарыга акча сураса дароо тиешелүү жактарга кайрылсаңыздар болот. Алардын бул кадамы мыйзамсыз" — деди Шаяхметов.

Ал эгерде мыйзам бузуу катталса 615122, 612293 телефонуна чалууга болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0