Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Омолдошева: артымдагы бензовоз жарылып кетет деген ой болбоптур

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы Айжан Омолдошева маек учурунда
Ала-Тоо 24 телеканалынын кабарчысы Айжан Омолдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин Фучик көчөсүндө 1,5 жыл мурда бензовоз жарылган.
Омолдошева: артымдагы бензовоз жарылып кетет деген ой болбоптур

"Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы Айжан Омолдошева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте иш үстүндө өзүн тобокелген салган учурлары тууралуу айтып берди.

"Эсиңиздерде болсо керек 1-2 жыл мурда борбордогу Фучик көчөсү тарапта бензовоз жарылган. Кырсык болгон жердин айланасы коопсуздук кызматкерлери тарабынан курчалыптыр. Журналисттерди тосуп киргизишкен жок. Биз андай кырдаалда сөзсүз жол таап кетишибиз керек. Карасам ӨКМдин жетекчиси келатыптыр, мурда иш менен тааныш болуп калгандыктан "мен сиз менен кошо кирем" деп ээрчип алдым. Сюжетибизге керектүү жерин тартып, курчалган жактан чыккандан кийин гана кооптондум. Ичимден артыбыздагы бензовоз жарылып кетсе эмне болот эле деп ойлодум. Андайда коркуу сезими да житип кетет экен," — дейт журналист.

Омолдошева ошондой эле иш үстүндөгү ар түрдүү окуялар журналистти такшалта тургандыгын кошумчалады.

"Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы Айжан Омолдошева менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0